КМУнун студенти Данияр Бекишов «КМШ өлкөлөрүнүн мыкты студенти» деген I даражадагы диплом жана төш белги менен сыйланды
8 - декабрь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү иститунун 2-курсунун студенти Данияр Бекишов Астана шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын « XXI кылымдын лидерлери» аттуу форумуна катышып келди. Форумда «КМШ өлкөлөрүнүн мыкты студенти» деген I даражадагы диплом жана төш белги менен сыйланды.