Blog Image

КМУнун студенти Данияр Бекишов “КМШнын Лидери” төш белгиси менен сыйланды

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун 3-курсунун студенти Данияр Бекишов Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияда “КМШнын Лидери” төш белгиси жана күбөлүк менен сыйланды.

Данияр Бекишов Кыргызстандагы ыктыярчылык кыймылынын маанисин жана ыктыярчылардын коомдогу ордун чагылдырган “Кыргызстандагы ыктыярчылардын орду жана ролу” аталышындагы илимий макаласы менен катышкан.