КМУнун студенти Дильназ Беркуталиева «Түрк элдеринин мыкты студенти» аталышындагы эл аралык сынакта I орунду ээледи
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун 3-курсунун студенти, Дильназ Беркуталиева «Түрк элдеринин мыкты студенти» аталышындагы эл аралык сынакта I орунду ээледи.
Казакстандын Астана шаарында өткөн эл аралык сынак таланттуу студенттердин ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган. Иш-чарага окумуштуулар, коомдук ишмерлер жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Бул жеңиш И.Арабаев атындагы КМУнун студенттеринин жетишкендиктерин эл аралык деңгээлде таанытып, билим берүү сапатынын жогору экендигин далилдейт.