Blog Image

КМУнун студенти Эл аралык Кувейт университетинин Ардак грамотасы менен сыйланды

И. Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык укуктук билим берүү институтунун студенти, “Агартуу Лига” билим берүү долбоорунун жетекчиси Данияр Бекишов Эл аралык Кувейт университетинин Ардак грамотасы менен сыйланды. ТСУББИнин студенти  Замирбек Урматбековго Эл аралык Кувейт университетинин ыраазычылык каты тапшырылды. Алар Эл аралык Кувейт университети менен ар тармактуу тыгыз кызматташып, кесипкой, демилгелүү жана ийгиликтүү муунду тарбиялоого, алардын патриоттук сезимдерин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн сыйланышты.