КМУнун студенти Гүлмай Жуманова эл аралык олимпиадада III орунга ээ болду
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери “Физхимик - 2025” эл аралык олимпиадасына катышты.
Иш-чара Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетиде өтүп, ага КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери Гүлмай Жуманова, Айтолкун Темирбек кызы, Фатима Токтобекова, Буукадича Абдибалиева катышкан.
Олимпиаданын жыйынтыгында Гүлмай Жуманова III орунга ээ болуп, диплом жана 50 000 тенге менен сыйланды.