Blog Image

КМУнун студенти Гүлнур Салиева “Мыкты Калем”долбооруна катышты

И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүнүн студенти Гүлнур Салиева Мыкты Калем” долбооруна “Кыргызстандын көркүн бузган таштандылар” аталышындагы доклады менен катышып, сертификатка ээ болду. Иш-чара “Журналисттер коомдук бирикмеси” тарабынан  уюштурулган. Долбоорго Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын журналистика багыты боюнча билим алып жаткан студенттер катышкан.