Blog Image

КМУнун студенти корей тили боюнча өткөн XX чечендик өнөр сынагында 1-орунду ээледи

20-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУда Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында корей тили боюнча XX чечендик өнөр сынагы өтүп, И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун 3-курсунун студенти Азиз Абдразакова 1-орунду ээледи. Иш-чарага КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, Корей тили мугалимдеринин ассоциациясынын президенти Ким Чанг Сок жана Корея борборунун директору Ким Джэ Енг катышты. Сынактын максаты Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, Кыргызстанда корей тилин өнүктүрүүгө салым кошуу, ошондой эле, университеттин студенттерине корей тилин жана маданиятын үйрөтүү менен корей тилинде сүйлөп, чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.