Blog Image

КМУнун студенти Ксения Ахмачева «Чыңгыз Айтматовдун адабий чыгармаларын көркөм окуу» аттуу ЖОЖдор аралык фестивалында 1-орунду багындырды

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун студенти Ксения Ахмачева Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде өткөн «Чыңгыз Айтматовдун адабий чыгармаларын көркөм окуу» аттуу ЖОЖдор аралык фестивалына катышып, 1-орунду ээлеп 1-даражадагы диплом жана баалуу белектер менен сыйланды. Анда чет өлкөлүк студенттердин жана башка улуттардын өкүлдөрү арасында көркөм окуу сынагы болду. Ксения Ахмачева “Фудзиямадагы кадыр түн” драмасынан үзүндү айткан. Жыйынтыгында, студентти бул сынакка даярдаган көркөм жетекчиси п.и.к. Динара Мырзадаирова студенттерди даярдоого кошкон салымы үчүн Ыраазычылык каты менен сыйланды.