Blog Image

КМУнун студенти “Кылым мурастары” көргөзмөсүнө катышты

Кыргызстан маданиятынын күндөрүнүн алкагында 17-октябрдан тартып 23-октябрга чейин Москвада Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган "Кылым мурастары" аттуу көргөзмө өтүп жатат.

Көргөзмө жума күнү Бүткүл россиялык кол өнөрчүлүк музейинде ачылды. Бул жерде сактардын (б.з.ч. VIII–III кылымдар) жана Элдердин Улуу көчү доорунун (б.з. I–V кылымдар) зергер буюмдары жана байыркы маданияты көрсөтүлүүдө.

Бул иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн 2-курстун студенти Качибекова Аяна кыргыз кол өнөрчүлүгү боюнча презентация жасап, кыргыз шырдагына оюулардын түшүрүлүшү жана алардын чечмелениши боюнча түшүндүрмө берди.

Бул көргөзмөнүн Москвада өткөрүлүшү Кыргызстандын тарыхы жана маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Иш-чара эки элдин ынтымагын жана маданий байланыштарын бекемдөөгө арналган.