КМУнун студенти "Кышкы махабат" аталышындагы поэзия кечесин уюштурду
5-февралда И.Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун 2-курсунун студенти, “Агартуу лигасы” долбоорунун жетекчиси Данияр Бекишов Салымбеков университетинде өткөн "Кышкы махабат" аталышындагы поэзия кечесин уюштурду. Кеченин башкы коногу Кыргыз Республикасынын эл акыны, Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Б.Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыгынын лауреаты, II жана III даражадагы “Манас” орденинин ээси Шайлообек Дүйшеев болду. Иш-чаранын жүрүшүндө, жаш акындар Ырысгүл Изатова, Бектурсун Адиев, Өзгөрүш Абакиров, Мажит Жакыповдор автордук ырларын көркөм окуп, кыл кыяк жана комуздун коштоосунда обондуу ырларды тартуулашты. Студенттердин жан дүйнөсүн байытууга, адабиятка болгон кызыгуусун жогорулатууга багытталган поэзия кечесине ЖОЖдордон келген 300дөн ашуун студент күбө болду.