Blog Image

КМУнун студенти “Манас” радиосунда конокто болду

И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун 3-курсунун студенти Нурайым Акбарова Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Манас” радиосунун  "Атайын чыгарылыш" уктуруусунда конокто болду. Нурайым Акбарова өз маегинде "Студенттик мобилдүүлүк" программасы тууралу сөз кылып, эки университеттин ортосундагы билим берүү системасынын айырмачылыктары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берип, англис тилин окутууда КМУда көбүн эсе мугалимдик кесипке багыт берүүгө маани берилсе, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде англис тилинин филологиясына басым жасаларына токтолду.