Blog Image

КМУнун студенти Милана Съездбекова «Түрк элдеринин мыкты студенти» аталышындагы эл аралык сынакта I орунду ээледи

23-октябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенти Милана Съездбекова «Түрк элдеринин мыкты студенти» аталышындагы эл аралык сынакта I орунду багынтты. Бул сынакка түрк тилдүү мамлекеттерден келген алдыңкы студенттер катышып, ар бир катышуучу өзүнүн билимин, жөндөмүн жана жетишкендиктерин көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.