КМУнун студенти Нуртай Нарындыков армрестлинг боюнча мелдеште II орунду ээледи
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенти Нуртай Нарындыков армрестлинг боюнча чемпионатында II орунду ээледи.
Чемпионат Бишкек шаарында өтүп, Нуртай Нарындыков 60 кг салмактагы категорияда күч сынашкан.
Белгилей кетсек, 2024-жылы Нуртай Нарындыков Ташкент шаарында өткөн Азиялык армрестлинг боюнча кол күрөшү чемпионатында I орунду ээлеген.