КМУнун студенти Рахманалиева Миргүл "Чырак" коомдук фондунун стипендианты аталды
2022-10-28
И.Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин 2-курсунун Бб-13-21 тайпасынын студенти Рахманалиева Миргүл "Чырак" коомдук фондунун стипендианты болду.
Аталган фонд 2022-жылдан тарта Кыргызстанда "Болочок мугалим" жаш кесипкөй мугалимдерди даярдоо долбоорун ишке ашырып келет.
Атайын түзүлгөн комиссия 15-16-октябрда тандоо турларын өткөрүп, 266 талапкерлерден ичинен 10 мыкты талапкерди тандап алышкан.
Рахманалиева Миргүлгө ийгиликтерди каалайбыз жана келечекте кесипкөй, мыкты адис болушуна тилектешпиз!