Blog Image

КМУнун студенти Самаган Бөрүбек уулу ээсе жазууда 2-орунду алып, баалуу белек жана сертификат менен сыйланды

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Орус филологиясы факультетинин  Орус тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучулары жана студенттери Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде кыргыздын улуу жазуучусу, ойчул, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган АЙТМАТОВ-ФИЕСТА аттуу жогорку окуу жайлардын ортосунда студенттердин республикалык фестивалына катышып келишти. Фестивалдын жүрүшүндө 4-курстун студенти Самаган Бөрүбек уулу мыкты ээсе жазганы үчүн 2-орунду алып, баалуу белек жана сертификат менен сыйланды.