Blog Image

КМУнун студенти Санжар Айылчиев Японияда чет тилдүү студенттер арасында япон тили боюнча өткөн сынакта биринчи орунга ээ болду

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун Аймак таануу багытынын 4-курсунун студенти Санжар Айылчиев академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Япониянын Осака шаарындагы Кансай университетинде билим алууда. Ал окуу менен бирге түрдүү сынактарга катышып, ийгиликтерди багындырууда. Белгилей кетсек, Санжар Айылчиев буга чейин республикалык жогорку окуу жайлар аралык япон тили боюнча “Чечендик өнөр” аталышындагы конкурска катышып, “Прикосновение к мировой культуре в студенческом общежитии” деген темада доклад жасап, эң жогорку баа алып, биринчи орунга ээ болгон.