КМУнун студенттери YDP долбоорунун алкагында өткөн “Fashion hackathon” сынагына катышты
9-10-июнь күндөрү И. Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин студенттери YDP долбоорунун алкагында өткөн “Fashion hackathon” сынагына катышты. Сынактын жыйынтыгында Искусство жана дизайн факультетинин 3-курсунун студенти Нуржан Рысбай кызы байгелүү орунга ээ болду. Сынактын негизги максаты жаш кадрлардын имиджин жана даярдоо деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Бул Кыргызстандагы алгачкы уникалдуу долбоор.