Blog Image

КМУнун студенти А.Зайирбеков ЖОЖдор арасында өткөн мамлекеттик тил боюнча олимпиадада I орунга ээ болду

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студентери Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына жана улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын арасында мамлекеттик тил боюнча өткөн олимпиадага катышты.

Олимпиаданын жүрүшүндө КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун 1-курсунун студенти Арашан Зайирбеков Ж. Баласагындын “Кут билим” дастанын көркөм окуп, I орунга ээ болду.

Белгилей кетсек, олимпиаданын II туру 15-апрель күнү өтөт.