Blog Image

КМУнун студенттери 5-март ак калпак күнүнө карата уюштурулган жөө жүрүшкө катышты

И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын 5-март ак калпак күнүнө карата уюштурулган жөө жүрүшкө катышты. Жөө жүрүштүн катышуучулары борбордук аянттан тарта, Россия кинотеатрына чейин улуттук баалуулуктарды даңазалаган, патриоттук чакырыктар менен басышты.

5-март күнү ак калпак күнү катары, Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.