Blog Image

КМУнун студенттери «7-апрель окуясынын тарыхтагы орду» аталышындагы иш-чарага катышты

5-апрель күнү “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде эгемендүү Кыргызстандын демократиялык эркиндиги үчүн күрөшүп, бийликтин курмандыгы болгон эр азаматтардын жаркын элесине арналган «7-апрель окуясынын тарыхтагы орду» аталышында тегерек стол өттү. Иш-чарынын жүрүшүндө КМУнун студенти Бексултан Какематов “Предпосылки апрельской событий”, Данияр Бекишов “2005-2010-жылдардагы куугунтуктун курмандыктары болгон саясий ишмерлер”, Айсезим Кемелова “2005-2010-жж. бийликтин курмандыгына айланган журналисттер”, Замирбек Урматбеков “Апрель окуясынын тарбиялык сабактары”темасында баяндама жасады. Тегерек столдун максаты 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуянын саясий өткөөл мезгилге тийгизген таасирин ар тараптуу иликтеп, тарыхый баа берүүгѳ багытталган. Ошондой эле, экиндик үчүн курман болгон азаматтарды эскерүү менен элесин түбөлүккө калтыруу болуп саналат. Иш-чарага окумуштуулар, изилдөөчүлөр, жарандык активисттер жана студенттер катышты.