Blog Image

КМУнун студенттери “Адам сатуу” деген темада тренинг өтүштү

23-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту менен Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери Рамиля Аалиева, Бегимай Али-Акбарова, Гүлназ Акимова, Аяна Лунцова окутуучулар менен студенттерге  “Адам сатуу” деген темада тренинг өтүштү. Анда адам укуктары, адам сатуунун түрлөрү жөнүндө маалымат берилди. Мындай жагдайга туш болбош үчүн негизги методдору, коргонуу механизмдери, эскертүүлөр айтылды.  

Белгилей кетсек, аталган студенттер буга чейин адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Жаштар форумуна катышып келишкен.