Blog Image

КМУнун студенттери адаптациялык-педагогикалык, кесиптик-базалык жана кесиптик-профилдик практикадан өтүшүүдө

2024-2025-окуу жылынын 9-сентябрынан тартып Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун табигый илимий билим берүү багытынын география, биология, химия адистигинин 2-курсунун студенттери адаптациялык-педагогикалык практикасын, ал эми 3-курстун студенттери кесиптик-базалык практикасын жана 16-сентябрдан тартып 4-курстун студенттери кесиптик-профилдик практикасын Бишкек шаарындагы №50 жалпы орто билим берүү мектебинде, профессор А.Молдокулов атындагы №5 Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде, Ж.Садыков атындагы №84 жалпы билим берүү орто мектебинде, К.Бобулов атындагы №88 орто билим берүү мектебинде, №74 жалпы орто билим берүү мектебинде ѳтүшүүдѳ.

2-курстун студенттери адаптациялык-педагогикалык практикасында мугалимдик кесип менен таанышып, окуучулар менен иш алып барууну үйрѳнүшүп, тажырыйба алышууда. Ал эми 3-4-курстун студенттери кесиптик-базалык, кесиптик-профилдик практикасын мектептерге барган күндѳн тартып 6-7-8-9-10-класстарына сабак ѳтүшүүдѳ. Мектептен студенттер сабак ѳтүүдѳ сабактын структуралары, максаты, милдети менен таанышып, күнүмдүк план түзүү менен бирге класс жетекчилик иштерди алып барышууда. Ар бир кесип ээлери кѳрсѳтмѳ куралдарды, интерактивдүү доска жана жаңы техникалык каражаттарды пайдалануу менен сабак ѳтүшүп, практикаларын ийгиликтүү жүргүзүшүүдѳ.