Blog Image

КМУнун студенттери адаптациялык-педагогикалык практикасын ийгиликтүү өтүүдө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин студенттери Ж. Садыков атындагы №84 жалпы билим берүүчү орто мектебинде өздөрүнүн адаптациялык-педагогикалык практикасын өтүшүүдө.

Практиканын алкагында Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын ага окутуучусу Нүргүл Ирсалиева жана педагогика кафедрасынын доценти Эркин Токсомбаева мектепке барышып, студенттердин ишмердүүлүгү боюнча маалымат алышты.

Мектептеги практика студенттер үчүн кесиптик билимдерин чыңдап, педагогикалык чеберчиликти үйрөнүүгө жана иш жүзүндө тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түздү.