КМУнун студенттери академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Түндүк Кипрге кетишти
Бүгүн, 3-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери Мээрим Жусупова жана Гүлмира Эрежепали кызы академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Түндүк Кипрде жайгашкан Лефке Европалык университетине билим алууга кетишти.
КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова, Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова студенттер менен жолугушуп, аларга ийгиликтерди каалашты.
Университет академиялык мобилдүүлүк программаларынын маанисин жогору баалап, студенттердин билим алууга жана эл аралык тажрыйба топтоого чоң мүмкүнчүлүк түзүп келет.