Blog Image

КМУнун студенттери Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде билим алышууда

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар бөлүмүнүн студенттери Азиретта Иличбекова, Гүлсүн Кушназарова жана Акбийке Жоробаева академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Журналистика факультетине эки жумага окууга барышты.

Бул мобилдүүлүк программа студенттерге башка өлкөдөгү билим берүү системасы менен таанышууга, жаңы билимдерди алууга жана башка өлкөнүн тажрыйбаларын изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

КМУнун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникация бөлүмүнүн студенттеринин билим жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт.