КМУнун студенттери “Ала-Тоо жазы” аталышында жаштар кароо-сынак фестивалына катышууда
Бүгүн, 14-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн “Ала-Тоо жазы” аталышында жаштар кароо-сынак фестивалына катышууда.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, фестивалына төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлүүдө:
-Вокалдык искусство: элдик, патриоттук, эстрадалык жана башка ырлар (катышуучу тандап алган чыгармасын жеке, жандуу үн менен аткаруу, вокалдык-аспаптык ансамбль);
-Автордук ырлар: өзүнүн чыгарган ырларын жандуу үн менен аткаруу;
-Фольклор: этно үйлөмө аспаптардын түрлөрү, ооз комуз, так теке, улуттук аспаптарда ойноо ж.б.;
-Инструменталдык искусство: комуз, гитара, скрипка, фортепиано, аккордеон, баян ж.б;
-Хореография: этно бийлер, заманбап бийлер, хип-хоп.
Иш-чаранын максаты: жаштардын чыгармачылык жөндөмүн өркүндөтүү, өнөр адамдарынын арасындагы достук байланыштарды бекемдөө жана таланттуу студенттерди коомго таанытуу.