КМУнун студенттери «Ала-Тоо жазы» жаштар кароо-сынак фестивалына катышууда
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган «Ала-Тоо жазы» жаштар кароо-сынак фестивалына катышууда.
Фестиваль Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында өтүүдө.
Иш-чаранын максаты: Кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, жаштардын искусствонун жана маданияттын ар кандай түрлөрүнө кызыгуусун арттыруу, Кыргызстандын маданий мурастарынын тарыхына жана өнүгүшүнө көңүл буруу, салттуу маданиятын жана мурасын жандандыруу, коргоо, өнүктүрүү жана жайылтуу, чеберчилиги бийик децгээлдеги мыкты жаш таланттарды эл алдына алып чыгуу жана кеңири пропагандалоо.
Фестиваль төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлдү:
-Вокалдык искусство: элдик, патриоттук, эстрадалык жана башка ырлар (катышуучу тандап алган чыгармасын жеке, жандуу үн менен аткаруу, вокалдык-аспаптык ансамбль);
-Автордук ырлар: өзүнүн чыгарган ырларын жандуу үн менен аткаруу;
-Фольклор: этно үйлөмө аспаптардын түрлөрү, ооз комуз, так теке, улуттук аспаптарда ойноо ж.б.;
-Инструменталдык искусство: комуз, гитара, скрипка, фортепиано, аккордеон, баян ж.б;
-Хореография: этно бийлер, заманбап бийлер, хип-хоп.
“Ала-Тоо жазы” жаштар кароо-сынак фестивалы өлкөнүн жаштары арасында таланттарды көрсөтүү жана маданий алмашууну өнүктүрүү үчүн уникалдуу аянтча болуп саналат.
Белгилей кетсек, «Ала-Тоо жазы» жаштар кароо-сынагынын I туру 17-февралдан 27-февралга чейин өткөрүлгөн.