Blog Image

КМУнун студенттери «Ала-Тоо жазы» жаштар кароо-сынак фестивалына катышууда

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган «Ала-Тоо жазы» жаштар кароо-сынак фестивалына төмөнкү багыттар боюнча катышууда:

-Вокалдык искусство: элдик, патриоттук, эстрадалык жана башка ырлар (катышуучу тандап алган чыгармасын жеке, жандуу үн менен аткаруу, вокалдык-аспаптык ансамбль);

-Автордук ырлар: өзүнүн чыгарган ырларын жандуу үн менен аткаруу;

-Фольклор: этно үйлөмө аспаптардын түрлөрү, ооз комуз, так теке, улуттук аспаптарда ойноо ж.б.;

-Инструменталдык искусство: комуз, гитара, скрипка, фортепиано, аккордеон, баян ж.б;

-Хореография: этно бийлер, заманбап бийлер, хип-хоп.

Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева катышууда.

“Ала-Тоо жазы” жаштар кароо-сынак фестивалы өлкөнүн жаштары арасында таланттарды көрсөтүү жана маданий алмашууну өнүктүрүү үчүн уникалдуу аянтча болуп саналат.