КМУнун студенттери «Ала-Тоо жазы» жаштар кароо-сынак фестивалында финалга чыкты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган «Ала-Тоо жазы» жаштар кароо-сынак фестивалында автордук ырлар жана вокалдык искусство боюнча финалга чыкты.
Фестиваль Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында өтүп, КМУнун ректору Айгүл Абдраева катышты.
Фестиваль төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлдү:
-Вокалдык искусство: элдик, патриоттук, эстрадалык жана башка ырлар (катышуучу тандап алган чыгармасын жеке, жандуу үн менен аткаруу, вокалдык-аспаптык ансамбль);
-Автордук ырлар: өзүнүн чыгарган ырларын жандуу үн менен аткаруу;
-Фольклор: этно үйлөмө аспаптардын түрлөрү, ооз комуз, так теке, улуттук аспаптарда ойноо ж.б.;
-Инструменталдык искусство: комуз, гитара, скрипка, фортепиано, аккордеон, баян ж.б;
-Хореография: этно бийлер, заманбап бийлер, хип-хоп.
“Ала-Тоо жазы” жаштар кароо-сынак фестивалы өлкөнүн жаштары арасында таланттарды көрсөтүү жана маданий алмашууну өнүктүрүү үчүн уникалдуу аянтча болуп саналат.