КМУнун студенттери «Ала-Тоо жазы» жаштар кароо-сынак фестивалынын финалында
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери «Ала-Тоо жазы» жаштар кароо-сынак фестивалында финалга чыгып, автордук ырлар жана вокалдык искусство боюнча өз таланттарын тартуулоодо.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө.