Blog Image

КМУнун студенттери "Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов" аттуу сынагына катышты

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын 2-курсунун студенттери Ж. Баласагын атындагы КУУда өткөн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган "Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов" аттуу республикадагы ЖОЖдор аралык жазуучунун чыгармаларынан сценка көрсөтүү сынагына катышып, Айтматовдун "Ак кеме" повестинен үзүндү аткарышты.

Иш-чарага Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын окутуучулары катышты жана кафедранын башчысы Назгүл Абдраевага ыраазычылык каты тапшырылды.