Blog Image

КМУнун студенттери Алматы шаарында өткөн «Бириккен Улуттар Уюмунун Модели» конференциясына катышты

15, 16-ноябрь күндөрү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери Асылай Миңбаева, Гүлмира Эрежепали кызы жана Дильназ Паизбекова Алматы шаарында өткөн Эл аралык «Бириккен Улуттар Уюмунун Модели» аталышындагы конференцияга катышты.

Бул иш-чара Н.Назарбаев атындагы Интеллектуалдык мектеп тарабынан уюштурулуп, жаштарды дипломатия, эл аралык мамилелер жана заманбап дүйнөлүк процесстерге активдүү аралашууга шыктандырууга багытталган. Конференциянын жүрүшүндө КМУнун студенттери Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) комитетинде делегат катары өздөрүнүн билим деңгээлин жана сүйлөшүү көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Конференция катышуучуларга сынчыл ой жүгүртүү, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана англис тилинде жигердүү пикир алмашуу көндүмдөрүн өрчүтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк түздү.

Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышуучулар сертификаттарга ээ болду. КМУнун студенти Гүлмира Эрежепали кызы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы Моделдик комитетинин теңтөрагасы болуп дайындалды.

Мындай ийгиликтер университетибиздин студенттеринин потенциалын жана алардын эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктерге даярдыгын далилдейт.