КМУнун студенттери Андижан мамлекеттик педагогикалык институтуна академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча барышты
14, 15-апрель күндөрү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери Андижан мамлекеттик педагогикалык институтуна академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча барышты.
КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директорунун орун басары, ф.и.д., проф. Аида Эгембердиева жана ф.и.к., доц. Нурида Касымбекова академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында I курстун студенттери Болот уулу Хантемир жана Абдилахат кызы Дилбар менен бирге Өзбекстандын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасына барышты. Өз кезегинде, аталган окутуучулар конок-лекция өтүштү.
Бул иш сапар жакынкы эле аралыкта кол коюлган эки ЖОЖдун илимий-педагогикалык кызматташтык келишиминин негизинде ишке ашырылды.
Айта кетсек, бул күндөрү Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун 4 студенти КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунда окуусун улантышууда.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери азыркы учурда академиялык алмашуу программалары менен Казакстандын, Өзбекстандын, Россиянын жогорку окуу жайларына барып окуп, билим алып келишүүдө. Ал эми окутуучулары чет өлкөлүк университеттерден тажрыйба алып, квалификацияларын жогорулатып, окутуунун заманбап технологияларын өздөштүрүп, билим берүү процессинде колдонууга, жайылтууга аракеттенүүдө.