КМУнун студенттери арасында "Таланттар тандалат" аттуу сынак өткөрүлдү
2022-10-27
26-октябрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери арасында "Таланттар тандалат" аттуу сынак болуп өттү.
Жаштар иштери бөлүмү тарабынан уюштурулган сынакта студенттер ыр, бий, комуз чертүү, манас айтуу ж.б. категориялар боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Калыстар тобу тарабынан аныкталган сынактын жеңүүчүлөрү 17-ноябрь студенттер күнүнө карата өтө турчу майрамдык иш чарада өнөрлөрүн көпчүлүккө тартуулашмакчы.