Blog Image

КМУнун студенттери “Ата-Бейит” комплексинде өткөн эскерүү кечесине катышты

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасында жашаган студенттер “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө” карата уюштурулган эскерүү кечесине катышты. Иш-чара “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өтүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаевдин катышуусунда өттү.

Эскерүү кеченин жүрүшүндө тарых илимдеринин кандидаты С. Асекованын “Кыргызстандан репрессияланган аялдар” аталышындагы китебинин бет ачары өтүп, студенттер кыргыз тарыхындагы репрессия жылдары жана ошол мезгилде репрессияга кабылган аялдардын тарыхы тууралуу маалыматтар менен таанышты.