КМУнун студенттери “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси менен таанышты
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун “Эл аралык мамилелер” багытынын 1-курсунун студенттери жана алардын жетекчилери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине экскурсияга барышты.
Экскурсия “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, студенттерге кыргыз элинин тарыхый мурасы жана улуу инсандары тууралуу маалымат берилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси менен таанышып, комплекстин кызматкерлерине суроолорду берип, жеткиликтүү жооп алууга жетишти.
Студенттерди Жалпы тарых жана эл аралык мамилелер кафедрасынын окутуучусу Гүлзаада Салымбек кызы жана кафедранын лаборанты Сезим Бейшебаева жетектеп барган.