КМУнун студенттери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары жана студенттери маданий-агартуу программасынын алкагында «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты. Мемориалды кыдыруунун жүрүшүндө студенттер «Ата Бейит» мемориалдык комплексинин тарыхы, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн себептери жана кесепеттери, репрессиянын курмандыктары жана азыркы коом үчүн тарыхый эс тутумдун мааниси тууралуу маалымат алышты.
Иш-чара Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмү тарабынан уюштурулду