Blog Image

КМУнун студенттери "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин студенттери "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине экскурсияга барышты.

Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер кыргыз элинин эркиндиги үчүн күрөшкөн жана мамлекеттин тарыхына өз салымын кошкон инсандардын өмүр баяны менен таанышып, алардын жасаган иштери тууралуу маалымат берилди.

Иш-чарага Искусство жана дизайн факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары А.Р. Жолдошева, окуу бөлүмүнүн ага адиси Н.М. Токталиева, кураторлор М.Ж. Сабыров жана А.Р. Толтоев катышты.

Бул экскурсия студенттер үчүн маанилүү иш-чара болуп, кыргыз элинин баатырларын жана алардын Кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн жасаган эрдиктерин терең түшүнүүгө шарт түздү.