Blog Image

КМУнун студенттери «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты

Бүгүн, 19-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунун студенттери «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолун кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгынын алкагында өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты: Ата-бабадан келе жаткан баалуулуктарды кийинки муунга татыктуу жайылтуу, тереңдетип тааныштыруу жана мекенге болгон сүйүүнү күчөтүү.

Бул экскурсия студенттерге кыргыз элинин баатырларын, алардын кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн жасаган эрдиктерин терең түшүнүүгө мүмкүндүк түздү.

Иш-чара КМУнун Экономика жана менеджмент институту тарабынан уюштурулду.