Blog Image

КМУнун студенттери «Ата-Бейит – унутулгус тарыхка саякат» аталышында иш-чарага катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмү тарабынан «Ата-Бейит» тарыхый мемориалдык комплексинде «Ата-Бейит – унутулгус тарыхка саякат» аталышында иш-чара өттү.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттерге Кыргызстандын тарыхын, баатырларын жана улуттук баалуулуктарды терең түшүндүрүү.

Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер репрессия курмандыктарына арналган мемориал жана тарыхый эстеликтер менен таанышты.

Иш-чарада студенттерге терең ой жүгүртүү, жарандык аң-сезимди калыптандыруу жана мекенге болгон сүйүүнү арттыруу максатын көздөйт.