Blog Image

КМУнун студенттери "АТРдеги мамилелердин региондук системасы: интеграциянын өзгөчөлүктөрү жана регионалдаштыруунун негизги моделдери" аталышындагы иш-чарага катышты

КМУнун студенттери "АТРдеги мамилелердин региондук системасы: интеграциянын өзгөчөлүктөрү жана регионалдаштыруунун негизги моделдери" аталышындагы иш-чарага катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттери доценттер Эсен Усубалиев жана Бермет Бакееванын жетекчилиги астында Ж. Баласагын атындагы КУУнун "АТРдеги мамилелердин региондук системасы: интеграциянын өзгөчөлүктөрү жана регионалдаштыруунун негизги моделдери" аталышындагы иш-чарага катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө аймактык мамилелер системасы, интеграция, дезинтеграция, коопсуздук маселелери, ошондой эле, Азия-Тынч океан регионунун контекстиндеги медианын ролу боюнча студенттер менен талкуу уюштурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында доцент Эсен Усубалиевге ыраазычылык кат тапшырылып, жогорку окуу жайлар ортосундагы мамилелердин мындан аркы өсүшү жана алдыда боло турган иш-чаралар боюнча макулдашуу жүргүзүлдү.