КМУнун студенттери “Аялзат” аталышындагы кайрымдуулук иш-чарага катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери “Аялзат” аталышындагы кайрымдуулук иш-чарага катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги борборго тигүүчү машиналарды жана керектүү болгон жабдууларды (оборудование) белекке берди.
Ошондой эле, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери концерттик программа тартуулап, жагымдуу маанай тартуулашты.
Бул Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан уюштурулуп, зордук-зомбулукка кабылган аялдар баш калкалаган борбордун ишин колдоо максатында өткөрүлгөн.
Бул иш-чара аялдардын кол өнөрчүлүк аркылуу жаңы жашоого кадам таштоосуна шарт түздү.


