Blog Image

КМУнун студенттери «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам берүү борборуна барышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык укуктук билим берүү институтунун 4-курсунун «Социалдык иш» багытындагы студенттери «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам берүү борборуна барышты.

Иш-чаранын алкагында студенттер мекемеде эмгектенген социалдык педагог Элмира Болотова жана социалдык кызматкер Сюита Жакшылык кызы менен жолугушуп, социалдык кызматтын актуалдуулугу, келечеги, ошондой эле, социалдык кызматкер катары аткарыш керек болгон милдеттер жана талаптар боюнча маалымат алышты.

Ошондой эле, студенттер мекеменин иш кагаздары менен таанышып, социалдык адис катары керек болгон практикалык билимин тереңдетишти.

Бул иш-чара студенттер үчүн социалдык кызматтын маанилүүлүгүн түшүнүүгө жардам берип, кесиптик ишмердүүлүккө даярдоого шарт түздү.