Blog Image

КМУнун студенттери «Айтматов-Фиеста» аттуу республикалык фестивалга катышып келишти

12-декабрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун англис тилинин технологиясы, теориясы жана практикасы кафедрасынын 1-курсунун АН-2-23 группасы, куратору Н.С.Бийназарова менен биргеликте Кыргыз-Турк «Манас» университетинде болуп өткөн «Айтматов-Фиеста» фестивалына катышып келишти. Фестивалда студенттер 3 мүнөттүн ичинде Чыңгыз Айтматовдун «Бугу-эне», «Акбаранын көз жашы», «Найман эне» жана «Толгонайдын» образдарын чагылдырып беришти. Фестивалга 80ден ашык команда катышып, алардын арасынан биздин студенттер 3-орунга ээ болушуп, сертификат алышты. Мыкты аткаруу болгону үчүн «Манас» радиосуна интервью берип келишти.