Blog Image

КМУнун студенттери АЙТМАТОВ-ФИЕСТА аттуу жогорку окуу жайлардын ортосунда студенттердин республикалык фестивалына катышып келишти

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Орус филологиясы факультетинин Орус тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучулары жана студенттери Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде кыргыздын улуу жазуучусу, ойчул, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган АЙТМАТОВ-ФИЕСТА аттуу жогорку окуу жайлардын ортосунда студенттердин республикалык фестивалына катышып келишти. Фестивалдын максаты – студенттерди Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына болгон кызыгууну арттыруу; студенттерди бири-бири менен жакындаштыруу, аларды лидерлик сапаттарга тарбиялоо; эң мыкты жана демилгелүү студенттерди алкоого алуу.