Blog Image

КМУнун студенттери "Айылдан ааламга карай жол" аталышындагы интервьюга барып келишти

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун  студенттери Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата Sokol.media сайтына "Айылдан ааламга карай жол" аталышындагы интервьюга доцент Айнура Каныбекованын жетекчилиги алдында барып келишти. Анда студенттер аталган медиа сайтынын директору, МТМИнин сыймыктуу бутуручуусу Кылыч Мамбет уулу менен жолугушуп, ийгиликтин сырлары, журналисттин чеберчилиги, ар кыл сырлары тууралуу маалымат алышты.