КМУнун студенттери Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүн белгиледи
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун студенттери Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата «Таза Ысык-Ата» аталышында экологиялык акция өткөрдү.
Экологиялык акциянын жүрүшүндө табиятты таза сактоо, экологиялык маданиятты жайылтуу жана туристтик объектилерге болгон жоопкерчиликти арттыруу максатында "Ысык-Ата" санаторий-курортунун аймагын тазалап, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Бул иш-чара студенттер үчүн туризмдин маанисин, жаратылышты коргоонун зарылдыгын түшүнүүгө жана жаратылышка болгон мамилени чыңдоого өбөлгө түздү.