КМУнун студенттери “Баңгизаттар жана укуктук кесепеттер: ар бир адам билүүгө тийиш” аталышындагы эл аралык тренингге катышты
Бүгүн, 11-ноябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун кыргыз-кытай факультетинин “Эл аралык мамилелер” багыты боюнча 2-курсунун студенттери Элнура Балбакова жана Гүлмира Эрежепали кызы ага окутуучу Алина Кытыкенованын жетектөөсүндө Кыргыз Республикасынын жаштары арасында өткөрүлгөн “Баңгизаттар жана укуктук кесепеттер: ар бир адам билүүгө тийиш” аталышындагы эл аралык тренингге катышты. Тренингдин максаты – жаштар арасында баңгиликке каршы күрөшүү боюнча билим берүү жана бул көйгөйдүн укуктук кесепеттери тууралуу маалымдоо.
Бул иш-чара “Делиться – значит заботиться” (“Sharing is Caring”) фонду, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды көзөмөлдөө башкармалыгы, Кыргызстандагы ЕККУ жана БУУнун Баңгизаттар боюнча жаштардын алдын алуу тармагындагы уюму менен биргеликте уюштурулган. Тренинг бир нече этаптан туруп, ушул жума ичинде уланат.