КМУнун студенттери “Бала бакчадагы кыргыз тили сабагы” аталышындагы иш-чарага катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык-педагогикалык колледжинин окутуучулары Гулзар Акматалиева, Толгонай Данияр кызы “Мектепке чейинки билим берүү” адистигинин студенттери менен биргеликте Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу №53 мектепке чейинки билим берүү уюмуна барып, “Бала бакчадагы кыргыз тили сабагы” аталышындагы практикалык сабакка катышты.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган “Жылдын мыкты мугалими-2024” кароо-сынагынын “Мыкты мамлекеттик тил мугалими” номинациясынын ээси, №53 Мектепке чейинки билим берүү уюмунун кыргыз тилчи мугалими Аида Сулайманова практикалык сабак өткөрдү.
Студенттер бала бакчада кыргыз тили сабагын уюштуруунун жана окутуунун өзгөчөлүктөрү менен таанышып, теориялык билимдерин практикада бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чаранын жүрүшүндө сабактын этаптары жана ыкмалары тууралуу маалымат алышты.
Бул иш-чара студенттердин кесиптик чеберчиликтерин арттырууга жана бала бакчада иш алып барууга болгон даярдыгын күчөтүүгө багытталган.