КМУнун студенттери белгилүү скульптор Тургунбай Садыков атындагы музейге барышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун студенттери белгилүү скульптор, Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин Эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков атындагы илимий-методикалык музейге экскурсияга барышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге СССРдин Эл сүрөтчүсү, белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун чыгармачылыгы, өмүр жолу, искусствого кошкон салымы жана кыргыз маданиятындагы орду тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле, графикалык иштер жана архивдик материалдар менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Иш-чаранын максаты: келечек муунду тарбиялоочу мугалимдердин маданий көз караштарын кеңейтүү, көркөм-тарбиялык мааниси чоң болгон скульптура өнөрү менен тааныштыруу жана улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу.
Студенттерди Педагогика жана психология институтунун доценти Динара Мырзадаирова жетектеп барган.